Шанхайда 22 жаштагы кыргыз жигит каза болду. Жакындары анын сөөгүн алып келүү үчүн мекендештерден жардам сурайт

28-мартта Кытайдын Шанхай шаарында 22 жаштагы Бексултан Шадыканов аттуу Кыргыз жараны көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун апасы Анара Керимбекова билдирди.

Анын айтымында, Бексултан Шанхайдагы окуу жайлардын биринде билим алчу. Учурда анын эмнеден улам каза болгону айтыла элек.

«Мага уулум окуган окуу жайдан телефон чалышты. Телефонду алсам «сиз Бексултандын апасы болосузбу?» деп сурашты. Анан эле «балаңыз кырсыкка учурап, көз жумду» дешти. Калганын укканга дарманым жеткен жок. Бүгүн байланыштым, окуя болгон жерге элчиликтин кызматкерлери барышыптыр. Азырынча уулумдун эмнеден каза болгону айтыла элек. Экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз», — деди ал.

Бексултан Шадыканов Жалал-Абад облусунун кулуну. Ал жакындары менен 2 жылдан бери көрүшө элек болчу. Жакындарынын айтымында, сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө 25 миң доллардай акча каражат керектелет. Маркумдун жакындары анын сөөгүн Кытайдан алып келүү үчүн мекендештерден жардам сурайт. Байланыш номурлары: 0500558805