Шанхайда каза болгон кыргыз жигиттин өлүмүнүн себеби айтылды

1999-жылы туулган Бексултан Шадыканов Кытайдын аймагында орун алган жол кырсыктын кесепетинен каза болгон. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Учурда Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан керектүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги тарабынан маселе көзөмөлгө алынган. Каза болгон жарандын туугандарына маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүдө, ошондой эле элчиликтин компетенциясынын чегинде зарыл болгон жардам көрсөтүлөт”,- деп айтылат маалыматта.

Бүгүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маркумдун апасы Анара Керимбекова уулунун Шанхай шаарында каза болгонун, анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн 25 миң доллар акча каражаты керектелерин айтып, мекендештерден жардам сураган эле. Мындан тышкары, Анара Керимбекова уулунун өлүмүнүн себебин уга электигин билдирген болчу.