«Шашлычная №1» кафесинде 8 адамдан турган үй-бүлө ууланган соң жабылды

«Шашлычная №1» кафесинде 8 адамдан турган үй-бүлө ууланды. Бул тууралуу журналисттерге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлө Түркиядан учуп келип, жогорудагы кафеден тамактанышкан. «Андан кийин алар өздөрүн жаман сезип, медициналык жардамга кайрылышкан. Аларга амбулатордук дарылоо жүргүзүлдү. Өз кезегинде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, бир катар мыйзам бузууларды аныктаган. Мыйзам бузуулар жоюлмайынча кафе жабылат», — деди ал.

Буга чейин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкектин Каралаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан «Шашлычная» №1 кафеси жабылганын билдирген.