Шашылыш билдирүү: 19-21-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт

Бүгүн, 19-ноябрда туруксуз аба-ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымат таратты.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңголок болуп, кар күрткүсү болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

19-21-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -11…-16°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -14…-19° суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.