Шашылыш билдирүү! 1-апрелге чейин өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү ыктымал

31-марттан 1-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.