Шашылыш билдирүү: 10-12-май күндөрү нөшөрлөп жаан жаайт

11-майда күндүз жана 12-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде нөшөрлөп жаан жаап, тоолуу жерлерге мөндүр да жаап, кар түшүп, абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт. Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле арыктарды таштандылардан тазалап, жээктерин бекемдөөнү сунуштайт.