Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«11-12-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн»,- дешти ӨКМден.