Шашылыш билдирүү: 11-13 июнь күндөр аралыгында нөшөрлөп жаан жаашы күтүлүүдө

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 11-июнь күнүнүн экинчи жарымында жана 12-13-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эскертүү: Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоо сунушталат.