Шашылыш билдирүү: 28-30-май күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Алдыда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу бүгүн, 28-майда күндүн экинчи жарымында Баткен облусунда тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, 29-30-май күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусутарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.