Шашылыш билдирүү: 3-6-июль күндөрү сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 3-июлдан 6-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Сел каптоонун алдын алуу максатында үй жанындагы арыктарды, дренаждык каналдарды тазалоону ӨКМ сунуштайт.