Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 30-январдан 1-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Зарылчылыгы болбосо, ӨКМ сапарга чыгууну, тоодо эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөт. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдарга кабылсаңыз же күбө болсоңуз, “112” бирдиктүү кызматына токтоосуз чалыңыз.