Шашылыш билдирүү! Аба ырайы өзгөрүп, үшүк жүрүшү мүмкүн

15-апрелде күндүз, 16-17-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.  Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

15-апрелде күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, 16-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

17-18-апрелде абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз+ 6…+11°

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +5…+10°

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +3…+8°, күндүз +8…+13°

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6° жылуу, айрым жерлерде 0…-2° , күндүз 6…11°

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +1…+6° жылуу, айрым жерлерде -1…-3° , күндүз +6…+11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -1…-3° , күндүз +3…+8° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз +1…+6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.