Шашылыш билдирүү: Бишкек жана Чүйдө жакынкы бир саат ичинде катуу шамал болушу күтүлөт

Городские жанры и виды Москвы.

Бүгүн, 3-июлда жакынкы бир саат аралыгында күндүзү Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  эскертти.
Катуу шамал учурунда:
— Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
— Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
— Көз айнек кийиниз.
Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.