Шашылыш билдирүү: Бишкек менен Чүйдө шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.  ӨКМ жарандарга шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет.