Шашылыш билдирүү: Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүшү мүмкүн

1-декабрдан 2-декабрга чейин жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.