Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15-16-апрелде туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Сел каптоонун алдын алуу үчүн коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл»,- дешти.