Шашылыш билдирүү: Жакынкы бир саатта Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт!

Жакынкы бир саатта Бишкекте жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. ӨКМ катуу шамал учурунда жарандар коопсуз жайларда болушу керектигин билдиришти.

«Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт», — деп айтылат маалыматта.