Шашылыш билдирүү! Жолдор тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт

17-январда күндүз, 18-19-январда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

17-январда күндүз жана 18-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 18-январда күндүз айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда 17-18-январь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. 19-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт:
19-21-январда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз 0…-5°, Талас аймагында түнкүсүн -6…-11°, күндүз 0…-5°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин;
тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз 0…-5° суук болушу күтүлөт;
20-22-январда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз — 2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -6…-11°;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.