Шашылыш билдирүү: Кар көчкү түшүшү мүмкүн

4-декабрдан 5-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жана Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 45-115 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле, аталган аймактарда эртең жана бүрсүгүнү жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылды сактоо керек. Зарыл жумуш жок болсо, тоолуу унаа жолдорго сапарга чыкпай туруу сунушталат.