Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү күтүлөт

19-ноябрдан 21-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактаңыздар.