Шашылыш билдирүү: Күн жылып, күтүлүп жаткан жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

Күн жылып, күтүлүп жаткан жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Мындай шашылыш билдирүүнү ӨКМден таратышты.

6-10-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.