Шашылыш билдирүү: Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү күтүлөт

25-июлдан 29-июлга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Сел коопсуздук эрежелерин сактаңыз:
— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;
— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;
— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;
— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.