Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо сел жүрүшү күтүлөт

20-24-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.