Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 11-январдан 12-январга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүшү мүмкүн.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашууда 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт.