Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн

1-марттан 3-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун (Чапчыма ашуусу) 68-75 жана 89-101-чакырымдарында жана Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.