Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулар үчүн шашылыш билдирүү таратты. Маалыматка караганда, 23-марттан 26-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу айрым тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот.
Буга байланыштуу министрлик айдоочуларды жолдо сак болуп, унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоого чакырат.
Кооптуу аймактар:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдары (Чүй облусу, Жайыл району, Төө-Ашуу ашуусу);
- Бишкек-Ош жолунун 198-260 чакырымдары (Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 72-91 чакырымдары (Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Чапчыма ашуусу);
- Красная Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдары;
- Казарман — Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдары (Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Ийри-Суу тилкеси);
- 67-93 чакырымдары (Кара-Гөө ашуусу).