Шашылыш билдирүү: унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү таратылып, анда унаа жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бардыгы айтылды.

16-ноябрдан 17-ноябрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда: Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 5-14 чакырымдарында (Өтмөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.