Шаурма сүйүүчүлөр айтылуу «точкасынан» ажырады. Мэрия Карпинка көчөсүндөгү күркөлөрдү алып жатат

Бишкек мэриясына караштуу муниципалдык мүлк департаментинин ижарага алуу келишимин бузуу тууралуу катынын негизинде «Тазалык» ишканасы Сүйүмбаев (мурдагы Карпинка) көчөсүн бойлой жайгашкан тез татым күркөлөрүн алуу боюнча иштерин баштады. Айрым күркөлөрдүн ээлери ыктыярдуу түрдө объектилерин бузуп жатышат.