Шаурманы жупка оромо деп которуу сунушталды

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Жыйында Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова шаурманы мамлекеттик тилге которууну сунуштады. «1990-жылдардан кийин Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларында менюдагы бардык тамактар ​​кыргыз тилине которулган. Мисалы, бизде «жупка» деген сөз бар. Анда эмне үчүн менюда ошол эле шаурманы “оромо жупка” деп атай албайбыз?» — деди ал.