ШКУнун катышуучуларына Индиянын «Tum Hi Ho» ыры ырдалды (видео)

ШКУнун Бишкектеги жыйынынын катышуучуларына жана конокторуна Болливуддун “Life for Love 2” тасмасындагы белгилүү индиялык Tum Hi Ho ыры аткарылды. Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар видеосун X социалдык медиа платформасында бөлүштү.

«Бишкекте ШКУнун жыйыны башталды», — деп жазган ал. 

Видеодон көргөндөй, ыр комуздун коштоосунда кыргыз жана орус тилдеринде да ырдалган.