Шопоков көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай муниципалитетке өттү

Жеке менчик унаа токтотуучу жайга ижарага берилген муниципалдык жер тилкеси кайрадан муниципалитетке кайтарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Шопоков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу көчөсүнө чейин, «Бишкек унаа токтотуучу жайлары» муниципалдык ишканасы уюштурган муниципалдык унаа токтоочу жай орун алган.

Ишкана буга чейин бардык тиешелүү белгилерди орнотуп койгон, ошондой эле унаа токтоочу жайдын баасы көрсөтүлгөн жана жолдомолор берилет, унааңызды канчага убакытка койгонуңузга карабастан, унаа токтоуучу жайдын баасы 25 сомду түзөт.