«Шоро» компаниясынын уюткусу Сүйүн Эгембердиева 95 жашында дүйнө салды

Бүгүн, 5-апрелде «Шоро» компаниясынын түптөөчүсү жана «Супара» этнокомплексинин негиздөөчүсү Таабалды Эгембердиевдин апасы Сүйүн Эгембердиева 95 жашында дүйнө салды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 6-апрелде Арашан айылында өтөт.

«Шоро» компаниясынын жаралуу тарыхында Сүйүн Эгембердиеванын ролу чоң болгон. Эгембердиевдердин үй-бүлөсүнөн бешөө: Жумадыл Эгембердиев, анын аялы, Таабалды Эгембердиев, анын улуу баласы, бир тууган карындашы Анара Эгембердиева биригип, башкы технологдун милдетин аткарган Сүйүн Эгембердиева менен 1992-жылы алгачкы жолу базарга 80 литр максым алып чыгышкан. «Апамдын 4 кой, 2 эчкисин сатып, үйдөн эле максым жасоону чечтим» деп Таабалды Эгембердиевдин эскерген жайы бар.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин эмгек жамааты Сүйүн Эгембердиеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.