Шоумен Актилек Айдаров апасына унаа белек кылды (видео)

Шоумен Актилек Айдаров апасына унаа белек кылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Кудайга чексиз шүгүрлөр болсун. Көптөн берки ниетибиз ишке ашып отурат. Апаке, бул белегибиз эң кичинекей белектерден болсун. Биз сизди жакшы көрөбүз. Буйруса мындан да чоң белектерди Кудай насип кылсын»,- деп жазды ал.