«Шрек» деп атагандан чыккан уруш. Интернетте кыз-келиндин мушташып жаткан видеосу тарады

Интернетте кыз-келиндин мушташып жаткан видеосу тарады. Анда бири экинчисин “Шрек” деп атаганы үчүн полго жаткырып алып, уруп-согуп жатканын көрүүгө болот. Бул учурда үчүнчү адам урушту видео тартып, полдогу аялга бычак такаган.

Жогорудагы окуя ушул жылдын 17-августунда болгонун Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

«Жабырлануучу Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну болгон, ал укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, ооруканада дарыланып чыккан. Аны коркутканга шектелгендер Ош облусунун 26 жана 23 жаштагы тургундары.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы каралып, 26 жаштагы келин камакта калтырылып, анын шериги үй камагына чыгарылган. Кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген», — дейт маалымат катчы.