Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов онлайн соодада документ жүгүртүү маселелерине арналган иш-чарага катышты.
Жолугушууда Салык кызматынын, алдыңкы онлайн-платформалардын өкүлдөрү, салык жана бухгалтердик эсептөө жаатындагы адистер, электрондук коммерция жаатында активдүү иштеген ишкерлер катышты. Алмамбет Шыкмаматов электрондук сооданы өнүктүрүү жана өлкөдө салыктык жөнгө салууну жакшыртуу боюнча артыкчылыктуу багыттарды баса белгиледи. Ал Кыргызстанда онлайн соода өнүгүп жатканын кошумчалады. Күндөн-күнгө керектөөчүлөр көбүрөөк ыңгайлуулукка жана убакытты үнөмдөөгө байланыштуу маркетплейстер аркылуу онлайн сатып алууларга артыкчылык берүүдө. Бул өсүштө негизги себеп катары санариптештирүү, интернетке кеңири жеткиликтүүлүк жана логистикалык инфраструктуранын жакшыртылышы саналат.
«Бул сектор жаңы жана ылдам өнүгүүдө, ошондуктан кылдат мыйзамдык жөнгө салууну талап кылган бир катар маселелерди жаратат», — деди Алмамбет Шыкмаматов. Салык кызматынын жетекчиси аталган мекеменин диалогго дайыма ачык, сунуштарды угууга даяр экенин жана ишкерлер менен конструктивдүү кызматташууга умтулганын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар маркетплейстерде иш жүргүзүү боюнча практикалык тажрыйбаларын бөлүшүп, сатууда кездешкен негизги көйгөйлөрдү ортого салышты. Мындан тышкары, суроо-жооп сессиясынын алкагында катышуучулар реалдуу учурларды талкуулап, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинен түшүндүрмө алып, электрондук соодадагы салык администрациясын жакшыртуу боюнча демилгелерди көтөрүштү.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар ачык диалогго даярдык, ишкерчилик демилгелерди колдоо
жана электрондук соода тармагында мындан ары да тыгыз кызматташууга кызыкдар экендиги үчүн ыраазычылыгын билдиришти.