Шыптан суу агып, ичи суук… КВНчи “Манас” аэропортунун учурдагы абалына нааразы болду

“Азия Микс” командасынын оюнчусу Ростислав Ященко бүгүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Мамлекеттик “Манас” аэропортунун учурдагы абалына нааразы болгон видео жүктөдү. Анда ал аэропорттун жетекчилигине кайрылып, кемчиликти оңдоону суранды.

“Аэропортто шыптан суу агып, ичи суук. Мен силер кандай каражат табарыңарды жакшы билем. Бул жакта бир пирог эле 8000 сом турат. Эл үчүн жок дегенде бир жолу жакшылык кылып койгула да. Чет өлкөлүктөр келсе деле, алардын башына суу куюлуп жатса уят да” деген Ященко.