«Сиз лампочка эмес, прожектор экенсиз». Жалал-Абаддын тургуну Садыр Жапаровду күлдүрдү (видео)

Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абадга болгон иш сапарында тартылган видео тарап жатат. Видеодон президенттин колун кармаган апанын өлкө башчыга «Сиз лампочка эмес экенсиз, сиз прожектор экенсиз» деп айтканын угууга болот.

Садыр Жапаров мындан 3 жыл мурда Жалал-Абадга иш сапары менен барып, облус тургундары менен жолуккан. Жолугушуу учурунда Гүлнара Назаркулова аттуу айым президентке «лампочкам» деп кайрылып, элдин назарын бурган.