«Сиздер жалгыз эмессиздер» деген Улукбек Марипов карылар үйүнө барды

Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Бишкек социалдык стационардын мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады.

«Аялзаты кылымдар бою үй-бүлөдө ардактуу орун ээлеп, үйдүн куту болуп, балдарды эң бийик адеп-ахлакка тарбиялап, өздөрүнүн акылмандыгы жана боорукердиги менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүп келет. Бүгүн ушул залда акылгөй, чыгармачыл, таланттуу айымдар чогулган. Сиздер өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор күч-кубат жумшадыңыздар. Сиздерге терең таазим! Сиздер – биздин энелерсиздер, биз – сиздердин уул-кыздар, сиздер жалгыз эмессиздер! Ар бирибиз ата-энебизди сүйүп, урматтап, аларга камкордук көрүүгө тийишпиз! Мен  балдардын жана карылардын үйлөрү жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем, балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка курчалып жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз», — деди өкмөт башчы.

Мекеменин жашоочулары өз кезегинде өкмөт башчыга жооптуу ишинде ийгиликтерди каалап, ар бирибизге жана жалпы мамлекетибизге гүлдөп-өсүүнү каалашты. Кыдыруунун алкагында ал социалдык мекемедеги жашоо шарты менен таанышты. Ведомство тарабынан мекеменин жашоочуларын басуу үчүн скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү  айтылды. Премьер-министр мекемеге скандинавиялык таяктарды сатып алышарын белгиледи.