«Сиздики ар дайым ушундай». Жусупбек Коргонбай уулу депутаттарды дагы күлдүрдү

Бүгүн, 17-ноябрдагы кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселелер каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу депутаттарды дагы күлдүрдү.

Ал микрофондон сөз сүйлөө үчүн убакыт сурап, «Мен 22-болуп жазылдым эле, 50гө секирип кетиптир. Балдар компьютерди карап койсунчу» деди.

Жыйындагылар жапырт күлүп жиберишти. «Сиздики ар дайым эле ушундай», — деди Ташиев күлүп.

Ал эми спикер мындай болушу мүмкүн эместигин айтты.