«Сиздин пикир маанилүү». Министрлик фонограмма боюнча коомчулуктан сурамжылоо жүргүзүп жатат

Маданият министрлиги учурда фонограмма боюнча коомчулуктан сурамжылоо жүргүзүп жатат. Алар ар бир жарандын ою маанилүү экенин билдиришти.

«Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-январдан тарта министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр жандуу үн менен аткарылышы керек деген буйрук чыгарган. Эгерде фонограмма менен ырдалган учурлар катталса жоопкерчилик ошол мекеменин жетекчилигине жүктөлөт», — деп айтылат маалыматта.

2012-жылы Жогорку Кеңеш фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Анын негизинде бир нече буйрук чыкканы белгилүү. Ага карабай маданий иш-чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселе учурда да көтөрүлүп келет. Бул ирет дагы бул буйрук аткарылбай калышы мүмкүн деген пикирлер орун алууда. Андыктан, бул боюнча коомчулуктун пикирин күтөбүз. Активдүүлүктү көрсөтүп, төмөнкү суроолорго комментарий аркылуу жооп берүүңүздөрдү суранабыз.

1) Фонограммага тыюу салынышына пикириңиз?

2) Фонограмма тойлордо дагы тыюу салыныш керекпи?

3) Сиз той берип калсаңыз, чакырган ырчыңыздын фонограммасыз ырдоосун талап кыла аласызбы?

4) Сиздин пикириңиз…