Сизге жактыбы? Бул сапар президенттерди элечекчен кыздар тосуп алууда (сүрөт)

Бул сапар президенттерди элечекчен кыздар тосуп алууда. Чоң иш-чараларды өткөрүү учурунда Кыргызстанга келген жогорку даражалуу конокторду тосуп алууга даярдалган кыздардын кийими такай талкууга алынып келет.

Ал эми бүгүн өлкөгө Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында Ильхам Алиев 13-октябрда Бишкек шаарында өтө турган КММга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.