Словакияда 13 кыргызстандык кулчулукта жүрөт деген маалымат боюнча ТИМ эмне дейт?

Словакияда эмгек миграциясында жүргөн Кыргыз жарандарынын спикер Талант Мамытовго жана Акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуусуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги үн катты.

«Эдвайс Кей Джи» ишканасы Кыргыз жарандарын Словакияда ишке орноштуруу укугуна уруксат алуу жол-жобосунан өткөн, учурда №000581 уруксаты бар жана 2021-жылдын башында Кыргызстандын 13 жаранын Словакияга жөнөткөн, визалар Казакстанда алынган. Транспорт компаниясы жана иштөө шарттары тууралуу бардык маалыматтар жарандарга кызмат көрсөтүү келишими түзүлгөнгө чейин түшүндүрүлгөн. 2020-жылы виза алууга бир нече аракеттер болгон, бирок COVID-19 пандемиясынан улам, виза 2021-жылдын январь жана февраль айларында алынган жана жарандар Словакияга эки топко жөнөтүлгөн. 2021-жылдын 22-сентябрында «Эдвайс Кей Джи» ЖЧКсынын директору учурдагы абалды жөнгө салуу үчүн иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз жарандары менен жолугушуу үчүн Словакияга учуп кеткен. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлардын бирине мигранттар кайрылып, алар Словакияда кулчулукта жүргөнүн айтып, жардам сурашкан.