Социалдык фонд 1-октябрдан тарта пенсияны көтөрүүнү пландоодо

«2025-жылы пенсияны көтөрүү планы барбы?» Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев 11-апрелде «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында сурады.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев октябрь айынан баштап көбөйтүү пландалып жатканын билдирди.

«Кайсы категориялар боюнча?» — деп тактады депутат.

«Баарына, пенсияны жогорулатууда Социалдык фонд өткөн жылдагы орточо эмгек акыны жана инфляцияны алып, бул сумманы эки эсеге көбөйтөт жана пенсиянын жогорулашынын пайызын эсептейт», — деп жооп берди Соцфонддун жетекчиси.