Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Дастан Бекешев «2026-жылы пенсия менен жөлөк пул өсөбү? Эгер өсө турган болсо, канчага өсөт?» деп суроо салды.
«Пенсияны сентябрдан тарта көбөйтүүдөбүз. Быйыл дагы көбөйттүк. Жашоо минимумунан жогорку кылып жатабыз. Азыр социалдык фонд менен киреше жагын иштөөдөбүз. Сезиле тургандай кылып көтөрүүгө аракет кылабыз. Пенсия жыл сайын көтөрүлөт»,- деди төрага.
Ал эми социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев келерки жылы пенсия сезилерлик көтөрүлө турганын билдирди.
«Келерки жылы биринчи жарым жылдыкта каражаттын түшүшүн карайбыз. Көбүрөөк көтөргөнгө аракет кылабыз»,- деди ал.