Социалдык фонд аялдардын пенсияга чыгуу курагын 60 жашка чейин көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Социалдык фонддун башчысынын орун барасы Гүлнура Жуматаева пенсиялык системаны реформалоо жана 2023-2026-жылдарга милдеттүү медициналык камсыздандырууну өнүктүрүү концепциясынын долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.
«Европада пенсияга чыгуу курагы 65 жаш. Айымбы же мырзабы анын айырмасы жок. Казакстан дагы азыр этап менен өстүрүп баратат. Орусияда да ошого бара жатышат. Бирок булар мамлекеттик кызматкерлерден баштады. Биз теңөө боюнча сөз кылган жокпуз, жок дегенде эки жылга — 58ден 60ка чейин. Бул куракта эч кимдин пенсияга кеткиси келбейт. Жок дегенде айымдардыкын 60-63 кылсак деген сунуш алып келип жатабыз»,— деди ал.
Мобильный телефон номер жонотунуздор
Эми ушул калды эле. Пенсиян жетишпеген учун иштеп журбойбузбу.60 ка чыгарып аял кишини азапка салып, берген пенсиянар олгондо буйруйбу. Акылга сыйбаган сунушунардан жададык. Жэ айлыгынар эч нерсеге жетпейт жэ пенсиянаржэтпесе. Омур бою очойтуп салык толодук. Гульнара сен каарып 60 чыгып жеп тоюп жатабер. Ушул озу чондордон куйдук. Теги жакшы жашоо болобу бизде. 50ке чыгып даары менен жашап атканыбыз менен чатагы жок. Жыргатып койгонсуп. Айлабыз жок иштеп жатпайбызбы. Кичине болсо да бирдемеге жеткизели деп. Эмесе100000мин жэткизгиле пенсияны.