Социалдык камсыздоо департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Айбек Балбаков Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Айбек Балбаков 1982-жылы Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. 2010-2012-жылдары Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигинде, 2012-жылдан тарта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде эмгектенип келген.

Белгилей кетсек, аталган департаменттин буга чейинки директору Нурдөөлөт Базарбаев Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалган.