Социалдык тармакта «Куран жазы» сынагындагы сүрөт талкууга түштү

Социалдык тармактарда Ош шаарында өткөн «Куран жазы-2022» сынагында тартылган сүрөт талкууга түштү. Сүрөт «Караңгылыктын жеткен чеги», «Чүмкөнгөндүн ордуна узун көйнөк кийип, жоолук салынып алышса…», «Оогандыктар хиджаб кийбейбиз деп чыгышса, биздикилерди кара, сөз жок» деген өңүттө нааразы пикирлерди жараткан.

«Куран жазы» республикалык сынагы 2021-жылы уюштурулуп баштаган. Быйылкы жылы сынак 4-июнда Ош шаарында жыйынтыкталган. Финалга чыккан катышуучуларга жалпысынан Умра сапарына жолдомолор, ноутбук, мобилдик телефон, эмерек, үй буюмдары, ошондой эле акчалай сыйлыктар жана кызыктыруучу белектер ыйгарылган.