Соцтармакка абактагы Мелис Аспековдун иниси менен ханайымдын сүйлөшүүсү делген видео тарады

Соцтармакка УКМКнын тергөө абагында кармалган жарандык активист Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков менен президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын жазышуусу делген видео тарады. Бул тууралуу «Кактус.медиа» сайты жазып чыкты.

Кат жазышуу WhatsApp тиркемесинде жүргүзүлүп, анда үч датада жазышуу болгон: 2021-жылдын 20-январы, кийин 20-февралы, андан ары «бүгүн» (белгисиз күн) деп көрсөтүлөт. GetContact тиркемеси көрсөтүлгөн телефон номерин көбүнесе Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапаровага таандык катары көрсөтөт. 

Кат алышуу Мелис Аспеков боюнча жүргөн. Анын иниси Айгүл Жапаровадан агасын бошотууга жардам сурап, ар бир адамдын жаңылышы мүмкүн экендигин жана Садыр [Жапаров] айкөл экенин жазган. Андан ары Мелис Аспеков «ишенимдүү» жана «ал саткын эмес» деген. «Чыккынчы болсо, сизге пакет кылып акча ташып жүргөндө эле алып кетмек. Жеңе, суранам жардам бериңиздер«, — деп жазган иниси.

Бул сөздөргө Айгүл Жапарова Мелис Аспеков өзүн таарынткан адам эмес экенин жазган. Ага чейин бир нече жолу эскертүү берилгенин жазган. Мындан тышкары, Айгүл Жапарова маектешине «Байкең телефон менен сүйлөшүп жаткан. Жанагы акчаны кайтарып берсе, чыгарбайсыңарбы деп» деп жазган.

Жогорудагы видеону ырастаган же төгүнгө чыгарган билдирүү расмий бийлик тарабынан таратыла элек.