Соцтармакта кыргыз-тажик чек арасында казылган окоптордун видеосу пайда болду

Интернетте тажик тарап Кыргызстан менен чек арага жакын жерде казып баштаган окоптордун видеосу пайда болду. Видеону «Сейчас.kg» телеграм-каналы жарыялады. 


Бүгүн, 12-августта президентин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык эшик артында жыйын өткөн. Жыйында Лейлек районунун Интернационал айылындагы атылган ок, Катта-Туз участкасындагы тажикстандын чек арачылары тарабынан казылган окоп боюнча талкуу жүргөн.