Кечээ, 23-февралда айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев жана анын жакын тууганы Эркин Төрөбаев (Жолдошалиев) экөөнүн ортосунда болгон телефон аркылуу сүйлөшүүсү интернетке тарады. Сүйлөшүүдө АКШда жүргөн Эркин Төрөбаев тууганы Бакыт Төрөбаевге даттанып жатканын угууга болот. Ал заводунун жерин гана саткандыгын, ал эми темирин сатпагандыгын, аны күч менен Тай-Мурас Ташиев тартып алгандыгын айтып берген. Ушул маселелер боюнча УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевге “Регион” телеканалынын журналисти суроо менен кайрылды.
— Мына, азыр эле көрдүм ал боюнча. Угуп чыктым. Бул биринчиден ал жерде эч кандай завод болгон эмес. Советтер Союзу таркагандан кийин кайсыл завод калды эле? Завод жок эле да.
Ооба, ал жерди мен сатып алгам. 2022-жылы болсо керек эле, адашпасам. Тартып алуу эч кандай болгон эмес жана болушу мүмкүн эмес эле ал жерде. Акчага сатып алганмын. Так билбейт экенмин. 470 000 долларга алгам, адашпасам. Экинчиден ал жерде завод болгон эмес. Темир-тезектери бар экен. Темирлерин алып кетем деген. Имараттын ичи күйүп кеткен экен. Ал жер Барселона академиясы турган 41 сотых жер. Ал жерди бузуп биз мектеп куралык деген план болгон. Мектепти куруп өткөзүп беребиз деген ниет болгон.
— Тааныйм. Ал киши менен сүйлөшүп жатканда үч-төрт жолу жолукканбыз. Бул өтө кымбат айткан. Анан биз Бакыт Төрөбаевден суранганбыз. “Ортого түшүп кичине түшүрүп бербейсизби?” деп. Экөө тууган болот. Авасынын баласы болсо керек, адашпасам. Ортого түшүп өзү сүйлөшүп берген. Бакыт Төрөбаев бүгүнкү күндө тирүү. Өзүнөн сурап алсаңыздар болот.
— Ал дүкөн боюнча мындай. Ал жер менен дүкөндүн ортосунда 3-4 үй болгон. Ошол үйлөрдү да келечекте балдар аянтчасын курабыз дегенбиз. Мектепке аянтча керек экен да. Адашпасам 3 же 5 айдан кийин сүйлөшүп, 80 000 долларга сатып алганмын. Анан азыр биздин үй-бүлөбүзгө каралоолор болуп жатпайбы. Айрыкча атама карата колунан келишинче каралоолор болуп жатат. Аны эл-журт баары түшүнүп турат. “Америкага качып кеттим” деп айтып жатат экен. Кантип качканын мен так билбейт экенмин. Бирок мага бир-эки жыл мурун чалып: “Аялым менен урушуп жатам. Томас ортого түшүп сүйлөшүп бербейсиңби, Маматовдор менен” деген сөз болгон. Анан мен ага “үй-бүлөлүк нерсеге кантип киришем” деп өзүнө айтканмын. Орозо айы болуп жатат. Ыйык күндөр болуп жатат. Ыйык күндө болсо өздөрү алдабай эле коюшса жакшы болмок го дейм. Баары Алладан. Алла өзү чечет өзү карайт. Маселе жок. Жер ошол бойдон турат. Мен берген акчамды кайтарып берсин, мен аркага кайтарып берейин.